Вице-премьер-министр Шамиль Атаханов бүгүн, 17-апрелде кызматтан убактылуу четтеп туруу боюнча арыз жазды. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Атаханов "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин иши иликтенип бүткүчө кызматын тапшырып туруу чечимин кабыл алды. Буга чейин "Батукаев чет өлкөгө учуп кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлеген" деп депутат Жоомарт Сапарбаев айтып чыккан. Айта кетсек, бүгүн Батукаевдин ишин иликтөөчү депутаттык комиссия кезектеги жыйынын өткөрүп, анда вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, башкы прокурор Аида Салянованы, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовду, адистешкен прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаевди жана Нарын шаарындагы №4-СИЗОнун башчысынын милдетин аткаруучу Тилек Абылгазиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөткө сунуштады. Депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, мындай чечим Батукаевдин иши боюнча тергөө иштерине аталган жарандардын тоскоол болбошу үчүн кабыл алынды.