Бишкек шаарында үй-жайсыз адамдар жана селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда билдирди.
"Борбор калаанын 4 районунда үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу жана үзгүлтүксүз иштеген жайлар иш алып барууда. Ал жактан үйү жоктор бир маал тамак жана түнкүсүн жата турган орун менен камсыздалышат. Биринчи Май районундагы "Коломто" баш калкалоочу жайында 70 адам, Ленин районундагы "Боорукердик" борборунда балдары менен 26 аял күн кечирүүдө. Ал эми Свердлов району менен Октябрь районундагы мындай жайлар 40-50 адамга эсептелген. Учурда Октябрь районундагы баш калкалоочу жайда 4 адам бар", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Бул жайлар үчүн жергиликтүү бюджеттен 2016-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын апрель айына чейин 1 миллион 500 миң сом бөлүнгөнү маалым болду.