Интернет өнүгүп, ар бир адам социалдык тармакта отурган кез. Күнүнө бул желеге миллиондогон адам кирип, ар кандай маалыматтарга гана ээ болбостон, өзү да бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарбайт. Интернеттин кээ бир колдонуучулары атактуулукка жеткенге үлгүрүшкөн. Алардын арасында кыргыздар да көп. Мына ошондой жол менен таанымал болгондордун катарын Өзгөндөгү Прогресс айылынын тургуну Бакыт Атаканов жана уулдары толуктайт. Атаканов социалдык баракчасына уулдарынын машыгып жаткан учурун жүктөгөн. Маалымат доору болгондуктан, көп убакыт өтпөй видеону алгач 5 миллион колдонуучу көрсө, учурда анын кароосу 17 миллионго жеткенин айтат. Балдардын машыгуусун кыргыздар гана эмес, чет элдиктер да көрүп, алар интернет "жылдыздарына" айланышкан. Ош облусуна болгон сапарыбызда мындай өзгөчөлүгү бар үй-бүлө менен жакындан тааныштык.
Чыгармачыл топту спортчулар кубануу менен тосуп алышты. Бакыт Атаканов 1 кыз, 4 уулдун атасы. Келинчеги 2 жыл мурда Орусияга кызы менен иштегенге кеткен.
"Балдарымды спорт менен машыктырып, "эркекче" жашоо сүрүп жатабыз. Келечектеги чемпиондорду өстүрүү аракетиндебиз. 4 уулум бар. Улуусу Исабек музыкага жакын болгондуктан, Оштогу музыкалык окуу жайдын студенти. Андан кийинки уулум - Арлет, үчүнчүсүнүн аты - Элбурс, ал эми кенжеси - Азирет", - деп балдары менен тааныштырды.
Арлет Бакыт уулу 15 жашта, 10-класста окуйт. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды гана албастан, Кыргыз Республикасынын чемпиону аталып, "Спорт чебери" наамына ээ болгон.
"10 жашымдан бери кикбокс менен машыгам. 5-класстан тарта мелдештерге чыга баштагам. Өзүм мушташканга кызыгам, ар бир мелдешке атаандашты утуу үчүн чыгам. Спорт жакшылыкка тарбиялайт, пайдасы өтө көп. Келечекте кыргыздын атынан чыгып, аны таанытканга аракет кылам", - деген Арлет өзүнүн өнөрүн спортзалдан тышкары колдонбой, баары менен сый мамиледе болууну туура көрөрүн айтат.
Элбурс Сарыбаев 9 жашта, 4-класста окуйт. Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүндө мелдештерге катышып, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келет. Жакында Өзбекстандагы мелдеште чемпион болду.
"Элбурс өзүнүн шамдагайлыгы, техникасы менен өзгөчөлөнүп турат. Мындан сырткары көк бет. Бул сапаты спортто көп нерсени чечет. Атаандашы менен акырына чейин көгөрүп, "жеңишим керек" деп мушташат. Жеңилгиси келбейт, адилетсиздик болуп кетсе, ыйлаганга чейин барып, рингден түшпөй коёт", - дейт уулу жөнүндө Атаканов. Элбурс кичинекей кезинде көп ооруган. Тарамыштары тырышып, көптөгөн ооруканаларга барышкан. Спорт менен машыккандан баштап ал оорунун баары жок болгонун айтат атасы.
Азирет Сарыбаев 7 жашта, 2-класста окуйт. Өзү теңдүүлөр Азирет менен мушташа албагандыктан, рингге өзүнөн 2-3 жаш улуу балдар менен чыгып калат. Ага карабастан, анын эсебинде да жеңиштер бар.
Биздин "Чоңойгондо ким болосуң?" деген сурообузга "чоңойгондо Азирет болом" деген кичинекей спортчу өзүнүн жообу менен жылмайтты.
"Машыккан жагат. Балдарды урбайм, бирок жиниме тийсе кичине уруп коём. Математика, кыргыз тил сабактарын жакшы көрөм", - деген Азирет биз үчүн "Булбул" ырын аткарып берди. Атасы Азирет машыкканды жакшы көргөндүктөн, баарын тажатып залга машыгууга чакырып келерин кошумчалады.
"Азирет 3 жашынан бери машыгат. 5 жашында эле мектепке барып алган, азыр 7ге чыкты. "Мен дагы машыктыруучу болом" деп, чоң балдар менен аралашып жүрүп көнүп калды. Алгач аталык кылып кыйкырып үйрөтчүмүн, апасы аячу. Кийин жемишин бере баштаганда сүйүнүп калды", - дейт атасы.
Атакановдордун үйүнүн дубалы спорттук сыйлыктарга толгон. Бакыт Атаканов уулдары спорт менен машыгып, мектептеги сабактарына да жетишерин айтты.
"Балдарым жакшы окушат, мугалимдери макташат, жакшы көрүшөт. Мелдештерге барганда сүрдөйм, утуп калса экен деп тиленем. Кээде каратып туруп эле атаандаштарга тартып коюшат. Кээ бир мелдештерге жибергенде кыйынчылыктар болот. Үчөөнү бир мелдешке, бир убакта жиберүү оор. Кээде каржатым жок болуп, карыз алып жиберем", - дейт Атаканов.
Интернетте Азирет агасы Элбурсту машыктырган видеосуна көптөгөн комментарийлер жазылган. Колдонуучулардын бир бөлүгү кичинекей баланы аяп, ден соолугуна залака келиши мүмкүн экенин жазышат. Балдардын машыгуусун Япония, Корея, Таиланд, Кытай, АКШ өлкөлөрүнөн бери көргөндөр бар. Айрымдары Азиреттин жөндөмүнө таң калып, "Кантип кичинекей бала мындай нерселерди кылып жатат?" деген спортчулар да жок эмес.
"Балдарымды чет өлкөлүктөр көрүп, мага байланышып калгандары бар. Алардын көбү жардам берүүнү каалашат. Мелдештерге каражат салалы дешет, бирок кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпай калат. Белектерин берип жиберишет. Мисалы, боксёр мээлейлерин, формаларын салып жиберишет. Балага эч ким жаман мамиле кылбайт экен, "сен оштуксуң" деп да асылбайт экен. Кээ бири таң калышат, кээ бири көрө албай жазышса, кечирим сурап, "балдарга тийишпеңиз, мага жазыңыз" деп токтотом, бирок андай учурлар аз", - дейт спортчулардын атасы.
"Өзүм спорт менен машыкканым үчүн айылдын тургундарын да сергек жашоого чакырам. Өзгөн районунда мелдеш өткөн, өзүм судья болгом, бирок ошондо жигиттерибиз жеңилип, ызаланып калгам. Эски имаратты оңдоп, машыктыруучу клуб ачып, уулум Арлеттин атынан койгом. Айылдагы балдар саат 19-20ларда бошоп келип машыгышат. Спортко кызыккан балдар көп, көбүнүн шарты туура келбейт, кээ биринин ата-энеси жиберчү эмес, белгилүү болуп калганыбыздан кийин жибере башташты. Айрымдары балдарын атайын каникул маалында 3 айга таштап кетишет. Өзүмдө кафе, дүкөн бар болгондуктан, аларды камсыздай алам", - деди Бакыт Атаканов.
Исабек Бакыт уулу, Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын 3-курсунун студенти.
"Спортко кызыкпайм, музыка менен алектенем", - деген Исабек биз үчүн аккордеондо "Автоунаадан сактан" ("Берегись автомобиля") тасмасындагы музыканы чеберчилик менен аткарып берди.
Исабектин инилери спортко кызыгышса, анын музыкага болгон жөндөмү жогору. Көрсө, Бакыт Атаканов бир гана спорт менен эмес, чыгармачылык менен да алектенет экен. Анын 300дөй обону бар экени белгилүү болду. "Негизи, жаш кезимде музыкага кызыгып, Чубак Сатаев, Токон Эшбаев сыяктуу улуу ырчылар менен сахнада ырдап калгам. Эргүү бар болгону менен, турмуш шартка байланыштуу чыгармачылыкты алып кете алган жокмун. Дүкөн ачып отуруп калдым. 2 жыл мурун келинчегим Орусияга кетип, аны сагынганданбы, үйдө отурганда эргүү келип, обон чыгара баштадым. Эми ырчы катары чыгууга аракет кылып жатам", - деп келечектеги пландары тууралуу бөлүштү.
Бул үй-бүлө күндүз спорт менен машыгып, кадимки жумуштар менен алек болсо, кечкисин чогуу ырдап убакыт өткөрөт. Атасынын, спорттун тарбиясы жаш балдарды токтоолукка, жөнөкөйлүккө, чыдамкайлыкка, өз милдетин так аткарууга, жоопкерчиликке үйрөткөн.
Окуу жылга даярдык көрүп мектепке кийим алганы барган интернет "жылдыздарына" дүкөнчүлөр кийимдерди арзандатып, көчөдөн таанып калгандар алар менен чогуу сүрөткө түшөт, чет өлкөдөгү кыргыздар мекендештери менен сыймыктанып, белектерин салып, катташып турушат. Себеби көбү спорттун өнүгүшүн каалайт. Кыргыз Республикасында келечектеги мыкты чемпиондор тарбияланып жатканына күбө болуп, алардын ысымдары дүйнөлүк ареналарда жаңырарына ишендик.