Казакстанда мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу "Tengrinews" басылмасы жазып чыкты. Өлкөнүн билим берүү жана илим боюнча вице-министри Эльмира Суханбердиева: "Диний атрибуттарды, кийимдерди, баш кийимдерди кийип, алып жүрүүгө жол берилбейт жана буга чейин да жол берилген эмес", - деп айткан. Министрлик тарабынан даярдалган маалыматта светтик мектептерде кайсы бир динди түз же кыйыр мааниде үгүттөөгө болбой тургандыгы белгиленген. Ошондой эле 2016-жылдын 14-январынан тарта бардык мектептерде бирдиктүү мектеп формасы киргизилгенин эске салган.
Ал эми аталган өлкөнүн Дин иштери боюнча башкармалыгы басылмага буларды билдирди:
"Казакстанда билим берүүнүн өнүктүрүү мүнөзү светтик, гуманитардык ыкмада жүргүзүлгөндүктөн, "Билим жөнүндө" мыйзамга ылайык, окуу жайларда хибжаб кийүүгө тыюу салынат. Башкармалык башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бул жаатта көп пландуу түшүндүрүү иштерин алып барууда. Атайын "Кызжибек" аялдар клубу түзүлгөн. Максаты - улуттук салт, баалуулук жана
үрп-адаттардын негизинде казак кыздарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө, инсан катары калыптанышына шарт түзүү. Ошондой эле келечекте клуб түрдүү курактагы, кесиптеги жана диндеги өкүлдөр жолуга ала турган жайга айланат.
Казакстан светтик өлкө болгондуктан, бардык мамлекеттик чечимдер кайсы бир диндин талабы менен эмес, коомдун кызыкчылыгын эске алуу менен чечилет. Казак элинин бай сөздүгүндө "хиджаб" деген түшүнүк жок. Казак кыздары дайыма эркин болгон, жүзүн жаап-жашырып, үйдөн чыкпай жашаган эмес. Казак эли кыздарына урмат-сый менен мамиле кылып келген. Аларды бала чагынан адептүү, тарбиялуу, оор басырыктуу, жөнөкөй болууга үйрөтүшкөн. Бул нерсе кыздын кийимине да тиешелүү болгон, бирок алар хиджаб кийишкен эмес".
Ошондой эле Дин иштери боюнча башкармалык өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин "хиджаб кийүү казак аялдарына мүнөздүү эмес, мындай жол өлкөнү орто кылымга алып барат" деген сөзүн кошумчалаган.