Өлкөдөгү мамлекеттик үлүшү бар 62 акционердик коомдун ичинен 42си учурда иштеп жатат, 20сы иштебей турат

Кыргыз Республикасында мамлекеттик үлүшү бар 62 акционердик коом бар. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын отурумунда Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы Айжан Сатыбекова билдирди.

Анын айтымында, 62 акционердик коомдун ичинен 42си иштеп жатат, ал эми 20сы иштебей турат. "Иштеп жаткан 42 акционердик коомдун ичинен 24ү боюнча маалыматтар бар, 18и боюнча эч кандай маалымат жок. Мыйзамда "иштеп жаткан" же "иштебей турган" акционердик коомдор тууралуу түшүнүктөр жазылган эмес", - деди Сатыбекова.

Мындан тышкары ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда 192 мамлекеттик ишкана катталганын айтып, бирок алар тууралуу эч кандай маалымат жок экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arzuuu
2016-10-21 11:12:24
Супер инфо мага валюта курсу керек эле жазбай калдынар го элдик кабарга кун сайын жазсанар жакшы болот эле.
0
admin_portal
2016-10-21 11:29:08
arzuuu, башкы бетте аба-ырайынын алдында турат!
0
arzuuu
2016-10-21 11:40:30
admin_portal,жок го башкы бетте админ мага шилтеме бергилечи суранычч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан