КҮНСЕРЕП: "Кыргызстан" КСДП менен "Ата Мекендин" бийликтен кетишин каалайбы? (жаңыланды)

Бүгүн, 21-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктө ички пикир келишпестиктер Конституциянын тегерегиндеги талаш-тартыштарга чейин эле пайда болгонун бүгүн коалициялык биримдиктин төрагасы, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев ырастады. Анын айтымында, альянс жаңы түзүлгөндө фракциялардын алакасы кынтыксыз болуп, иш ойдогудай жүрүп жаткан. Адегенде спикерди, вице-спикерлерди, комитет башчыларын жана өкмөттү түзүүдө баары жакшы келатып, акыйкатчы шайлоодо жана мурунку премьер Темир Сариевдин өкмөтүнө баа берүүдө түшүнбөстүктөр башталыптыр. Демек, бийликтин Конституцияны өзгөртүү демилгеси парламенттеги бул альянстын ичиндеги абалды ого бетер чыңалтты десе болот. Бирок канчалык күч келбесин, бийлик коалициянын ичиндеги таарынычтарды, ызаларды сыртка чыгарбай кармоого болушунча аракет кылат. Тагыраагы, түтүндү жалынга айлантпайт.

Эскертүүлөргө карабай референдум өткөрүп, көздөгөнүнө жеткенден кийин гана парламенттеги конфигурацияны өзгөртүүгө киришери күтүлөт. Биринчиси - “Ата Мекенди” альянстан чыгаруу. Окуянын ушундай нукта өнүгүү ыктымалдыгын Канат Исаев деле четке каккан жок. Текебаевдин фракциясы менен кошо конституциялык реформага тийиштүү мыйзамдарга каршы добуш берип жаткан "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын дымагын өчүрүүгө аракет жасалышы мүмкүн. Мисалы, 19-октябрда "Референдум дайындоо жөнүндө" мыйзамды экинчи окууда Төрөбаевдин фракциясынан 1 гана депутат колдоду. Төрөбаев өзү бийликтин мыйзамсыз аракеттерин кайра-кайра микрофондон айтып жатты. Демек, көп мандаттуу КСДП коалиция бузулган шартта Бакыт Төрөбаевдин башынан сылашы кыйын. Канат Исаев коалицияда азчылык көпчүлүккө баш ийиши керектигин айтат. Мындай принципте 38 мандаттуу КСДПнын айтканы айткандай жактырылып, калган 3 фракция анын көзүн карап турушу керекпи?

Коалициялык көпчүлүктүн таркашына "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов абдан кызыкдар. Кийинки альянска кирүүгө анын мүмкүнчүлүгү жогору. Формалдуу түрдө оппозициялык фракция аталганы менен, бүгүн "Республика-Ата Журт" бийликтин эң жакын өнөктөшүнө айланганы көрүнүп турат. Конституцияны өзгөртүү аракетиндеги Бабановдун позициясын мисал кылуу жетиштүү. Бир жолу комитет жыйынында Өмүрбек Бабанов бийлик катачылыктарга жол берип жатканын айткан Бакыт Төрөбаевге кайрылып "Эмнеге “Өнүгүү-Прогресс” демилгени колдогон жок? Же коалицияга кирбейби?” деп суроо берген. Коалициядан бирөө-жарымдын орун бошотушун Бабанов тымызын күтүп жүрөт.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаттарынын басымдуу бөлүгү ишкерлер экени маалым. Журналисттер менен пикир алышууда Канат Исаев байлардын бийликке келүүсүнөн трагедия жаратпоого чакырды. Айтымында, кыргызстандыктар "бай чиновниктер сөзсүз ууру же коррупционер" деген түшүнүктөн арылып, өзүн бага албаган адамдын мамлекетке жардам бериши кыйын экенин билиши керек. Фракция лидери 1917-жылы өз эмгеги менен байлыкка жеткен адамдардын кулакка тартылганын мисал келтирип, элди социализм идеологиясын унутууга чакырды. Саясат таануу илиминин аныктамасы боюнча социалисттик идеяны социал-демократтар менен социалисттер карманышат. Мындан улам Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын төрагасы Канат Исаев КСДП (социал-демократтар) менен "Ата Мекен" (социалисттер) фракцияларын башкаруучу коалициядан чыгарууну көздөп жатабы деген ой жаралат. Швециялык саясатчы Харс Енсендин билдирүүсү өлкөбүздөгү кырдаалды накта сүрөттөөдө. Ал төмөнкүнү айткан: "Окумуштуулар, инженерлер, дарыгерлер жана интеллигенциянын өкүлдөрү өлкөдөн кетишкенде, ишкерлер бийликке келишет, көчөдөгү шылуундар саясатчы болушат, спортчулар, артисттер, базардагы соодагерлер парламенттин депутаттары болушат"...

Президент Алмазбек Атамбаевдин кечээ журналисттер тууралуу айтканына жооп кылып, бүгүн жарандык активист Адил Турдукулов өлкө башчынын журналисттер тууралуу пикирин сындады. Айтымында, Бакиевдин тушундагыдай эле Атамбаевдин режиминде деле журналисттер сабалып, куугунтукталып жатышат. Акыркы жылдары журналист Турат Акимов, Шайырбек Маматокторов, Булат Сатаркулов сабалганын, Дарья Подольскаяга да кол салуу болгонун, ал эми криминалдык жана соттук куугунтуктун айынан журналисттер Уран Ботобеков менен Адилет Айтикеев өлкө сыртында жүрүшкөнүн айтат. Жогорудагы мисалдар менен караганда, Атамбаевдин тушунда деле токмоктоолор, коркутуп-үркүтүүлөр болуп эле жатат. Сөзсүз эле бийликти сындаган журналистти көп кабаттуу үйдүн балконунан ыргытып жиберүүнү же бычактоону гана журналисттерге кысым деп эсептөө керекпи? Анын үстүнө азыркы сөз эркиндиги атамбаевдик бийликтин айкөлдүгүнүн белгиси эмес, кыргыз элинин эркиндикке умтулуусунун жемиши. КСДПнын башка депутаты Дастан Бекешев ММК жөнүндө мыйзамды жаңылап иштеп чыгуу керектигин, электрондук ММКлар көзөмөлсүз калганын айтып чыкты. Айтор, акыркы күндөрү бийлик партиясынын өкүлдөрү ММКларды көзөмөлдөө темасына байма-бай кайрылышууда. Конституцияны өзгөртүү аракетинин күнгөй-тескейи тууралуу бүгүнкү күндө элдин калың катмары сайттардан жана социалдык тармактардан кенен окуп, көрүп жатышат. Мамлекеттик ММКлардан кескин айырмаланган маалыматтар чыгууда. Бийликти ушул нерсе тынчсыздантып жатат өңдүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан