Мындан 6 жыл мурун Кыргыз Эл акыны Жалил Садыков 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө жерге берилген.
Ал 1932-жылы 23-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алганга чейин туулуп-өскөн айылында чарбада, "Ак-Түз" кенинде иштеген.
Окууну бүткөндөн кийин "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчы болуп чыгармачылык чыйырын баштаган. Студент кезинде анын "Убада" деген алгачкы ыр жыйнагы жарык көрүп, кийинчерээк "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты" гезиттеринде башкы редакторлук кызматта иштеген. 1981-1985-жылдары Жазуучулар союзунун Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча адабий кеңешчиси болуп турганда кыргыздын ондогон жазмакер таланттуу жаштарын тарбиялап чыгарган. Ал Ата Мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы жыйырмадан ашуун поэтикалык ыр китебин чыгарган. Ж.Садыков "Жайкы таңда", "Сары-Өзөн", "Сырдашуу", "Жоогазын", "Топ жылдыздар" сыяктуу ондогон жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар акын катары окурмандардын урмат-сыйына арзыган. Анын элдик ырга айланып кеткен "Сүрөтүңө", "Жайлоодо" сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт.
Жалил Садыков улуу классик акындар Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Тарас Шевченко, Омар Хайям, Расул Гамзатов, Кайсын Кулиев, Ясыр Шиваза сыяктуу чыгармачыл инсандардын ырларын кыргыз тилине которгон. Ал эми анын чыгармалары дүйнөнүн ондогон тилдерине которулган, бир катар драмалары көптөгөн чет өлкөлүк театрлардын сахналарында коюлган. Аны калемдештери "кыргыздын Шекспири" деп аташкан. Ал биринчилерден болуп "Манас" эпосунун негизинде "Манастын уулу Семетей", "Сейтек", "Айкөл Манас" үчилтигин жазып, Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында зор ийгилик менен коюлган. "Табылды Жукеев-Пудовкин", "Боз торгой", "Эр Төштүк", "Ак Мөөр", "Шабдан баатыр", "Адам жана Азезил", "Мен арызданам" жана башка пьесалары республиканын театрларында сахналаштырылган.