Биз социалдык тармакта

Баткенде жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди


Бүгүн, 18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Абалы туруктуу оор, комада, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде 2004-жылы туулган жабырлануучу өтө оор абалда Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген. Ага баш мээнин жабык жаракаты, баш мээнин катуу зыянга учурашы жана субарахноидалдык кан куюлуу диагноздору коюлган. Апасы өлкө башчысына кайрылып, жардам берүүсүн өтүнгөн.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл болгон ресурстар мобилизацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан