Ысык-Көлдө баптист аялдын сөөгүн мүрзөгө көмдүрбөй жатышат

Диндин баптизм агымындагы адамды жергиликтүү мүрзөгө коюуга каршылык көрсөтүү окуясы Ысык-Көл облусунда катталды. Облус казысы Алмаз Сагындыков 21-октябрда жергиликтүү ММКларга билдиргендей, Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында баптист адамды айылдын мүрзөсүнө коюуга аймактын жашоочулары каршы болушкан. Мындан улам айылда атайын жыйын өтүп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес. Маркум кайсы жерге коюлары эртең белгилүү болот.

Белгилей кетсек, мындай окуя жакында Ала-Бука районунда болгон. Баптист аялдын сөөгүн жашырганга жер табылбай чуу чыккан. Маркумдун сөөгү 3 жолу жерге берилип, 3 жолу тең каршылар тарабынан казылып алынганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
mamatmusakuzuraziya
2016-10-21 23:05:03
Мусульман болуп торолгондон кийин мусульман болуп олгон жакшы
+11
Revolyutsiya
2016-10-22 00:00:08
Баптист болуу жакшы эмес го (чон куноо), бирок мени кызыктырган бир суроо бар. Мусулман эместер (каапырлар) менен мусулмандар бир мурзого комулбош керек деген соз кайдан чыкты?!! Куран китебинде барбы?!! Ушуну так даана корсотуп бере алаар бироо барбы же шариятта айтылган (ким тарабынан, качан, ким тастыктайт ж.б.) деп туз жооп беруудон качып (анткени оздору так билишпейт) "эл дурбосо эшек дурбойт" болуп журосунорбу?..
+9
simone
2016-10-22 00:07:35
Revolyutsiya, Кыргызстандын баардык жеринде эле мусулмандардын кумбозу башка, христиандардыкы башка. Созсуз эле бироо тушундуруш керекпи? Куранда жазылганы учун эл дурболон тушуп жатат. Эшекти аралаштырбай эле суйлосон боло?!!!
+2
Revolyutsiya
2016-10-22 00:17:17
simone, биринчиден мен жогоруда жазган нерсе лакап болот. Сутко оозун куйгузуп айранды уйлоп ичип калыптыр десе туз мааниде кабыл алынбайт. Эл дарбыса эшек дарбыптыр деген лакап: тушунуп-тушунбой, жеке пикири болбой эле башкаларды ээрчип кубаттаганды айтат. Мисалы азыр пикир жазып жаткан форумчулардын копчулугу ислам дини боюнча терен билими болбой туруп озу билбеген нерсени чын корсотуп ырастоодо...

Мисалы сен бул нерсе Куранда жазылган дейсин, таап корсотуп бер анан ишенели.
+8
bom.bon
2016-10-22 03:19:39
Revolyutsiya,куранда каапырларга Жаназа окулбайт дегенин уккамын.
+2
mirbek99
2016-10-22 05:24:55
Revolyutsiya,Умар Алхам Бисмиллаахир
рохмаанир рохиим.
Мусулман эместерди
мусулмандардын мазарына
койсо болобу? Же
мусулмандарды
кайрыдиндердин кабырына
койсо болобу?
Абу Нуьейм, Ибну Минда Азирети
Абу Хурайрадан (1), Ибн Асаакир
даьииф санад менен Азирети Ибн
Масьуудтан (2), Ибн Асаакир
жана Маалийний Азирети
Алийден (3) болгон риваятта
Пайгамбарыбыз алайхис салам
айтат:
"ﺍﺩﻓﻨﻮﺍ ﻣﻮﺗﺎﻛﻢ ﻭﺳﻂ ﻗﻮﻡ ﺻ
0
Bolunbo.kyrgyz
2016-10-22 07:21:00
Revolyutsiya,ушул элди себеп кылып кудай аны уже жазасын бере баштады эми ойлоп кор сага мындан башка даагы кандай далил керек жер албай жатат деген бул ото жаман эми аны жерге бергенде кандай азаптар кутуп турат бир Алла чечет
+1
suban78
2016-10-22 04:25:47
Revolyutsiya, туура суроо бердин, ооба да анчалык эле болбосо керек. Борк ал десе баш алмай болуп жаткан жокпу. Ушу чала молдо дин бузбай жатпайбы.
+3
Revolyutsiya
2016-10-22 00:07:04
Аранарда баарынардын кайсы бир жакынынар бейитке (мурзо, корустон) коюлган жана Айт майрамдарында бейитке барып маркумдарга Куран тушурчулор бар. Бирок ошол мурзолордо чын-чынында мусулманы да, атеисти да, алкашы - момуну аралаш комулгон. Эч ким эч качан чатак чыгарган эмес, чыр чыгарып Алла Тааланын жерине ээ чыгуу оюна да келген эмес. Бирок коом, силер радикалдашып отуруп Алла Тааланын сурагын бул дуйнодо силер жургузуп, атеисттерге да мурзодон жай табылбай калабы бара бара?!!
+11
momun74
2016-10-22 08:05:46
Revolyutsiya,алкаш болсода динин сатпаган!!!
+1
Elnur4ik
2016-10-22 00:44:22
Кудайга ишенбегендерге караганда баптисттер ишенет го Кудайга. Атеисттерди деле көмүп жатышпайбы мусулмандардын көрүстөнүнө. Кудай бирөө эле, мусулмандардын Кудайы, христиандардын Кудайы, баптисттердин Кудайы деп бөлүнбөйт. Кимдин кандай күнөөсү бар аны Кудай өзү гана таразалайт.
0
karabulak91
2016-10-22 00:51:36
Bul jerde baary aalymdargo.musulman bolup turup musulmandarga karwy suilogonunor kantet.ozundun jakyn adamyndyn murzosunun janyna baptist adamdyn soogun koigondo korot elek jon karap turganynardy...
0
ainura220888
2016-10-22 01:02:21
Москвада мурзо бар мусулман християндар аралаш комулгон. Биздин бир казак таанышыбыз комулгон барып куран окуп кеткенбиз. Мусулмандаркы ай християндаркы крест турат. Мурда жок элего мындай. Мисалы омур бою совет убагында жашагандар оозуна келме албай отушкон кудай жок деп билишкен. 2000-жылдардан баштап динге болгон кызыгуу ойгонуп баштады. Бул албетте жакшы бирок Исламды жамынып куранда жок нерселерди жасоо туура эмес деп ойлойм.
+4
momun74
2016-10-22 08:08:19
ainura220888,тура айтасын анткени алар динин сатпаган христиандарды каапыр дер айтпагыла дешет анткени алар адашкандар ал Эми мусульман болуп торолуп динин сатып кеткен баптисттер
+1
MAN-CITY
2016-10-22 01:16:13
Туура эле кылат ошентип койдурбай.
+5
daniel87
2016-10-22 02:19:02
Тушунбодум мен мусулманмын кудайга шугур!.бирок башкалардында динин тилин сыйлай билели бул жеткен акмакчылык Кудайымдан ойдо болуп кетпегиле!болбосо окмот жер берсин башка диндегилерге да ,!Кыргыз десе эле баары мусулман эмес да ар кимдин жашоого коз карашы башка?же кыргыздарга башка динди карманууга тыюу салынганбы? Кыргызстан олкосу радикалдашып?экстремисттер баш которо баштабадыбы?
-1
bektemiroff994
2016-10-22 03:05:21
Баарыбызды Аллах жараткан,кимдин кандай куноосу болсо Аллахым озу жазалайт
+3
suban78
2016-10-22 04:31:05
Минтип кете берсе 15-20 жылда эмне болот туугандар. Ичи жаман бир адам жаш балдарды кичинесинен каапырларды олтуруш керек деп чонойтсо олтурот да. барып.
0
Medinaa
2016-10-22 07:47:50
Эскертуу болуп жатат...
+1
momun74
2016-10-22 08:11:14
Аллага шугурлор болсун мусульман болуп торолгонумо
+1
nurali1989
2016-10-22 08:22:46
Менин оюмча, адамды жерге батырбай жаткандары туура эмес го дейм. Ал деле адам да, аны башка биро жараткан эмес, биздей болуп эле Кудай жараткан. Адамдык сапаттан чыгып кетпей жатабызбы акыркы кундору. Ит олсо деле жерге комушот екен, ке бир олкодо. Ал адамга кантип жер табылбасын?
+2
nurali1989
2016-10-22 08:36:23
Тууган уругу болсо керек, оздорунун дининдегилер келип чогулуп жерге беришкени туура го. Менин оюмча, ким откозуп жатат ушуга окшогон адамдарды. Мындай динди биринчи жолу угушум. Бизде кудайга шугур, башка динге откондор жок. Мусулман болуп эле отолу. Менин суйуктуу диним Ислам
0
guju9389
2016-10-22 08:40:34
Балким бул Аллахтын бул дуйнодогу жазасы болуп жаткандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан