Ысык-Көлдөгү баптист аялдын сөөгүн жерге берүү маселеси чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков билдирди.
"Баптист аял кечээ каза болгон. Аны мусулмандардын мүрзөсүнө коюуга жергиликтүү эл каршы чыккан. Бүгүн район акими, укук коргоо органдары жана маркумдун туугандары менен биргеликте сүйлөшүп, жерге берүү маселеси чечилди. Маркум ошол айылдагы мусулмандардын эски мүрзөсүнөн 500 метр алыс жерге коюлмай болду. Облус аймагында буга чейин да мындай маселелер болуп келген. Мындан улам диндин баптизм агымындагыларды Балыкчы жана Кажы-Сайдагы мүрзөгө коюп келишкен", - дейт облус казысы.
Учурда Ысык-Көл облусунда баптизм агымындагылардын саны 1000ге жетери айтылды.
Айта кетсек, маркум Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынан болот. Диндин баптизм агымында жүргөнүнө 20 жылдан ашкан. 60 жашка чыгып калган аял бир канча жыл Орусияда жашап, жакында эле Ысык-Көлгө келген.
Мындай окуя жакында Ала-Бука районунда болгон. Баптист аялдын сөөгүн жашырганга жер табылбай чуу чыккан. Маркумдун сөөгү 3 жолу жерге берилип, 3 жолу тең каршылар тарабынан казылып алынганы маалымдалган.