Мындан 76 жыл мурун, 1940-жылы “Футбол падышасы” атка конгон бразилиялык футболчу Пеле Бразилиянын Трес-Корасаес шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Эдсон Арантес ду Насименту. Пеленин атасы Жоао Рамос ду Насименто да өз кезегинде футболчу болгон. Ал кезде футбол анчалык популярдуу болбогондуктан, үй-бүлөсүн багуу кыйынга туруп, анан калса катуу жаракат да алып, футбол менен кош айтышууга туура келген. Жан багыш үчүн эптеп жергиликтүү ооруканага санитар болуп орношот. Үй-бүлөдөгү турмуштун оордугунан Пеле 7 жашка чыкканда иштөөгө мажбур болуп, өтүк тазалагыч болуп иштеген. Ошонун айынан окуусунан калып, 13 жашка чыкканда араң 4-классты бүтүргөн. Ошол учурда Пеле футболго кызыга баштаган.
Пеленин эң алгачкы ойногон командасы "Американа" болсо, кийин "Бакино" командасында ойногон. Улуу футболчунун чоң футболго болгон сапары ушул командадан башталган, себеби анын талантын аталган командадагы машыктыруучу Валдемар ду Бриту деген адам алгач байкаган. 1956-жылдан тарта Рамиро, Зито, Жаир сыяктуу футболдун мыкты чеберлери бар "Сантос" клубунда ойной баштаган. Бул анын футбол карьерасындагы өсүү мезгилинин башаты болгон. Ушул жылы 7-сентябрда Пеле профессионалдык футболдогу эң биринчи тобун киргизет. 1958-жылы 17 жашар Пеле Дүйнө чемпиондугунда Бразилиянын курама командасында ойноп, Бразилия "Дүйнө чемпиону" аталган.
Спорт тарыхында Пеленин "Флуменсе" командасы менен ойноп жаткан учурда киргизген тобу "Кылымдын голу" деп аталган. Анда Пеле ал голду өз дарбазасынан баштап, алдынан чыккан атаандаштарынын баарын алдап өтүп киргизген.
Футбол боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону (1958, 1962, 1970) Пеле 1282 оюнга катышып, 1364 гол киргизген. Анын ичинен (бир оюнунда) отуз ирет 4 жолу, төрт ирет 5 гол, ал эми 1964-жылы "Ботафога" командасы менен болгон мелдеште катары менен 8 гол киргизген.
Футбол падышасы Пеле Эдсон Арантис ду Насименто 1977-жылы 37 жашында жаш курагы келгендигине байланыштуу чоң футболдон кеткен.