ЖЫЛНААМА, 23-ОКТЯБРЬ: ЖКнын депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмү боюнча Бишкектеги митингге “Ар-намыс” партиясынын чет жердеги мүчөлөрү тынчсыздануу билдиришкен

Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарында башталган митингге “Ар-намыс” партиясынын чет жердеги мүчөлөрү тынчсызданган билдирүү жасашкан. Билдирүүдө Кыргыз мамлекетиндеги кылмыштуу топтордун ич ара кандуу чатагы өлкөдөгү олку-солку абалды ого бетер бузуп жаткандыгы жана бул окуялардын артында президент Курманбек Бакиевдин карааны калдайып тургандыгы белгиленген.

22-октябрда Акматбаевдин 300-400дөй тарапташы "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышып, "Ар-намыс" партиясынын лидери, ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан