14 кыргызстандык кыз-келин каза тапкан Москвадагы басмакананын жетекчилиги жабыркагандарга компенсация төлөгөнү айтылды

Өрт кырсыгынан 14 кыргызстандык кыз-келин каза тапкан Москвадагы басмакананын башкы директору Сергей Москвин бардык жабыркагандардын жакындарына компенсация төлөп берди. Бул тууралуу 23-октябрда орусиялык ММКлар жазышты.

Басмакана ээси кылмышка айыпталууда. Бардык жабыркагандарга материалдык жана моралдык чыгым төлөнгөнүн анын жактоочусу билдирген. Айтылгандарга таянсак, башкы директордун өкүлдөрү Кыргыз мамлекетине келип, каза тапкан кыз-келиндердин жакындарынан кечирим сурап, акча каражатын тапшырышкан.

Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
akyn
2016-10-23 22:55:44
Аны камаш керек, омур бойу эркинен ажыратыш керек. кечиримди камак канада сураш керек!
-12
Begimkyz
2016-10-24 00:44:46
akyn,эми ал деле атайлап жасаган жок да. Тилсиз жоо болду. Кечиримдуу болгонубуз жакшы. Кыздарыбыздын ордун акча баса албайт дечи, бирок башка аргабыз деле калган жок. Бейиштен орун алышсын!!!
+14
madina.87
2016-10-24 00:54:50
Ооба, Бегимкыз туура айтат, эчкачан акча ордун баса албайт, отуп кеткен эже синдилерибиздин ордун.
Бирок орус болсо да келип, кечирим сурап, жардам берип кеткенин мен эрдик катары кабыл алдым. Ажалы жеткен экен, суусу тугонуп, ошо орт себеп болуп кете беришти чын дуйного.
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+13
33SUUN
2016-10-24 04:21:29
Кудай ушундай кырсыктардан сактасын .Компенсация деген бул Адам конулунун бир пайызы.Ошол болсода чон ыраазычылык билдиребиз.
+4
Komrad
2016-10-24 08:21:21
Аны камаш камабаш Россиянын закондору чечет. Бирок Бул кокустук эмес, өрттүн 90 пайызы адамдык факторлордон келип чыгат. Демек кокустук эмес. Кайсы жерден өрт чыгыптыр дегенди уксаңар, адамдык фактор болот. Кокустан чыккан өрт, илгери чагылган түшүп токой өрттөнгөндө гана чыккан.
-2
aselushka
2016-10-24 09:28:23
ошол акчаны чондорго берип ишти жаптыртып койсо керек эле биздикилер болгондо.кечирим сурап ,компенсация тологону жакшы иш болуптур..Ажалдан эчким качалбайт.байкуш эже синдилерибиздин ажалы ушул кишинин иш канасында экен эледа..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан