2016-жылдын 9 айынын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүнүн жалпы суммасы 310,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, ИДП боюнча реалдуу өсүш 102 пайыз болду, ал эми “Кумтөр” кенин кошпогондо реалдуу өсүш 103,1 пайызды түздү. 9 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы төмөнкүдөй:
Мындан тышкары өкмөт башчы республикалык бюджеттин аткарылышынын чыгашалар бөлүгү 94 миллиард сом суммасында аткарылып, план 92,3 пайызды түзгөнүн баса белгиледи.