Учурда АКШда жашап жаткан кыргызстандык пианист, таланттуу музыкант Азамат Сыдыковдун Ала-Бука районунда үч жолу казылып алынган баптизм агымындагы аялдын сөөгү тууралуу пикири кызуу талкууда. Анын маркум Каныгүл Сатыбалдиевага мүрзөдөн тынч орун бере албаган кыргыз бийлигин айыптаган пикирин кээ бири сындап да жатышат. Бүгүн, 24-октябрда Азамат Сыдыков өзүн сындагандарга карата Facebook социалдык тармагы аркылуу мекендештерине кайрылып, кыргыз тилинде жооп жазды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз.
"Урматтуу калайык калкым, кыргыз элим, журтум, жерим!
Кечээги Түндүк Каролина штатындагы дүйнөгө белгилүү Клэйтон фортепиано фестивалында өткөн жеке концертимди Каныгүл Сатыбалдиева апабыздын элесине арнаганым көптөгөн интернет, радио, телекөрсөтүү тармактарына тарап, элимдин арасында айтыш жана чыр-чатак жаратыптыр. Эртеси күнү мен "баптист", "саткын", "ЦРУнун желдети", "каапыр", "жидо-масон", "Американын тыңчысы" жана башка укмуш аттарга ээ болуптурмун. Бул, албетте, мени эч кандай капа кылган жок. Тескерисинче, күлкүмдү келтирип, кээде каткыртты. Кубандырганы маданияттуу, илими жогору жаш туугандарымдын көп экендиги болду.
Каныгүл апабыздын окуясын окуп абдан капа болуп, жүрөгүм тызылдап, эмне кыларымды билбей, музыка аркылуу, чыгармачылыктын күчү аркылуу элесине арнайм деп чечтим. Концертте улуу агайларым Калый Молдобасанов, Михаил Бурштин, Жылдыз Малдыбаеванын музыкасы жаңырып, дүңгүрөгөн кол чабуулар менен өттү.
Көп жердештеримдин динге жамынып алып, эң ыйык "кыргызчылык", "адамгерчилик", "мээримдүүлүк", "толеранттуулук", "гуманизм", "демократия" жана "эркиндик" деген түшүнүктөрдү унутуп, жерге таштап тебелегендери таң калтырды. Бул сапаттар үчүн биздин миңдеген улуу инсандарыбыз жандарын берип күрөшүшкөн. Кыргыз кыргызды чөөдөй, гиеналардай (ред. гиена - тарп жеп күн көрүүчү жырткыч айбан) болуп мүрзөдө жаткан жеринен кыргыздын бир кызын, кыргыздын апасын казып чыгып, тытып, өлүгүнөн өчүн алганы алардын алсыздыгын жана жапайылыгын гана көрсөттү. Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл элин жана Конституциясын коргойм деп ант берген бийлик ал адамдарды катуу сынга алып, керек болсо сот жообуна тартышы зарыл.
Элибизди миң жылдар бою бөлө албаган душман, мынакей, арабыздан чыккан саткын душмандар кыргызды кыркка бөлүп-жарып жатышат. Ким болбосун, мусулманбы, христианбы, атеистпи, советчилби, орусчулбу, кыргызды кордоп, жанын алып, таш менен уруп, коркутуп, кыйнап намысын түшүргөндөрдү кыргыздын душмандары деп эсептейм. Кыргыз калпагын, өзүнүн уникалдуу маданиятын, рухун, элечегин, боз үйүн сатып, Теңирин, Умай энесин шылдыңдап, бөлөк чөл элдеринин бийин бийлеп, гранттарына тойбой, кыргыз апабыздын сөөгүнө асылгандардын аттары бүткүл Кыргыз өлкөсүнө жарыялансын!
2010-жылдагы 7-апрель күнү жүздөгөн эр-азаматтар эркиндик үчүн, татынакай мамлекетибиз үчүн төштөрүн окко тосуп берип ушул бийликти алып келишти эле. Бүгүн ал адамдар кайра баягыдай эле казынаны тономой, коррупция, тууган-туушкандарын тойгуза албай күндөрүн өткөрүп жатышат.
Ошол эле 2010-жылдын июнь айында түштүктө чоң тополоң чыгып, кан төгүлүп, мусулман кыргыз менен мусулман өзбек экөө кырылышып, бүт кыргыз эли биригип, тикесинен тик туруп, бүткүл калк: орусу да, корейи да, дунганы да миңдеген тонна тамак-аш, кийим-кече, гуманитардык жардам чогултуп, жарандык сезими жаралып, акыркы нанына чейин түштүккө жибергени эсимде. Учак менен сентябрь айында мамлекеттик оркестр, артисттер, ар кайсы улуттан турган музыканттар барып, сабырдуулукка чакырып, Ош элине арнап, кооптуу жагдайга карабай концерт коюп кеттик эле. Ал кезде эч ким сураган эмес, "Христиан орустун берген тамагы беле, кан тапшыргандын көз карашы атеизм беле, кийим-кечелер дунган, калмактыбы эмес беле?" деп.
Ошол учурда азыркы ыйык байкелерим кайда жүрүштү экен?
Айланайын кыргызым, мына, жашоомдун жарымы чет өлкөдө өтсө да, жаман болсо да, кыргыз тилин унутпай, өлкөмдүн желегин өйдө көтөрүп, дүйнөгө Кыргыз өлкөсүн өз чыгармачылыгым менен таанытып келе жатам. Ким кимге сыйынат, ишенет, кайсы философия жана саясатты колдойт, мага баары бир. Мага баарыңар бирдейсиңер. Алыста жүргөндө "мен кыргызмын", "Кыргыз жериненмин" дегенде жүрөк дайыма дирт деп сүйүнөсүң. Адамгерчилик деген - бул универсалдуу нерсе. Адамды адам кылган ошол сезим. Ансыз он жолу жыгылып, башың менен жерди жарсаң да Кудайга жакпайсың. Жаш бир туугандарыма каалоом - көбүрөөк китеп, адабият окуп, дүйнөлүк тарых жана маданиятты таанып, толеранттуулук, сабырдуулук жана гуманизм жолу менен баскыла. Ошондо гана биздин байчечекейдей кооз Ата Мекенибиз өсүп, алдыга жылат.
Бар болгула.
Азамат Сыдыков".