Оппозиция менен бийликти ынтымакка чакырган форумга эки тараптан тең эч ким келген жок

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында оппозиция менен бийликти ынтымакка чакырган форумга бийлик жетекчилеринен эч ким келбей койгонун Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди.

Бул иш-чарага Фарид Ниязов, Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов, "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаев жана "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев чакырылган.

"Ушул жол менен бара берсек, Конституцияны өзгөртсөк, паспорттогу "улуту" деген графаны алып салса, кыргыз жок болуп кетет. Биздин өлкө - укуктук өлкө. Өткөн президенттер Конституцияны өзгөртүүнүн аракетин көргөндөн улам революциялар болгон. Президент Алмазбек Атамбаев революция жасаганы менен, каза болгон балдардын максатын актай албады", - деген Азимбек Бекназаров оппозицияда жүрүп чарчаганын жана тажаганын айтты.

"Сен жамансың, сен кузгунсуң" деген президенттин сөзү эмес. Ал элди ыдыратпашы керек. Тескерисинче, ынтымакка чакырышы керек", - деди Бекназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MIRlan
2016-10-24 15:49:13
Буларды ынтымакка чакырган форумга эмес, рингге чыгарыш керек. Элди ойлобогону ушул форумга келбей коюшканынанда билинди.
+1
Grand
2016-10-24 15:55:43
Ушуларды дагы шайлайлы :)
Булар келбейт мындай форумга. Булар азыр гочукторун ойлоп атат. 1 жылдан кийин президенттик шайлоо, элди кантип алдасак деп жаны иш мерчемдерди ойлоп- издоодо. Окмоттуда таркатышты, булар азыр оздорун ойлоп атат.
0
Kyrgyz_myrza
2016-10-24 16:04:50
Ушу форумга келсе эле тимммеле ынтымакташып, кол алышып жетелешип жургондорун элестетип жатам))))) мындай форумдан жузду откорсонорда ынтымака келишпейт. Т Акун да озунчо эле акылдуусуна берет экенда.
+3
Дарыгер
2016-10-24 23:53:04
Салам кыргыз элим! Бугунку окуяларга байланыштуу оюмду жазайын десем. " окмот отставкага кетти" темасында талкуу жабык экен. Парламенттик копчулук 2 ай мурда тараш керек болчу. О. Текебаев жигит болсо фракциядан чыгып, окмотту таратып жибериш колунан келмек да. Бул да болсо атамбаев- текебаевдин оюну болду. Калп чырылдашып жатып конститутцияны озгортуучу мыйзамдарды 1чи 2чи оккудан откоруп коюшту. Референдум кунун да белгилешип коюшту. Андан кийин гана коалиция тарады. Уландысы бар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан