ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте маршруттук такси жүргүнчүлөрү менен жол кырсыгына кабылды

Бишкекте маршруттук такси жүргүнчүлөрү менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"24-октябрда саат 17:55те Бишкектеги Ауэзов менен Курманов көчөлөрүнүн кесилишинде №105-маршруттук таксини башка маршруттук такси сүзүп алды. Сүзгөн унаанын ичинде айдоочусу эле бар экен. Көрүнүшүнөн кызуу сезилди же шок абалында ошондой көрүндүбү, билбейм. Сүзүлгөн унаанын ичинде жүргүнчүлөр бар болчу. Бактыга жараша, эч ким оор жаракат алган жок", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ali88
2016-10-25 08:29:46
Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушул да,бирок түшүнбөй калдым,бул 24-октябрда болгон окуябы же 25-октябрдабы?
0
anara-anara
2016-10-25 09:14:33
Олуп бараткансып айдашат. Ото начар мамиле жасашат жургунчулорго. Акырын айдасан десе болду бакырык кыйкырык
+1
Totyua.71.
2016-10-25 09:30:04
Адамдар аман экен шугур
+2
chon.alai.
2016-10-25 12:22:26
водител помни тебя ждут дома
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан