Эксперт Аркадий Дубнов КСДПнын коалициядан чыгуудагы түшүндүрмөсүн "баланын сөзү" деп атады

КСДПнын көпчүлүк коалициядан чыгуу боюнча түшүндүрмөсү мектеп окуучусунун сөзүнө окшошуп калды. Мындай пикирди бүгүн, 25-октябрда 24.kg агенттигине Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов билдирди.

Эксперттин билдиришинче, коалициянын бузулушу - КСДП фракциясында оппоненттери менен ачык дискуссия кылууга, аларды өзүнө ишендирүүгө ынанымдуу аргументи калбаганынын белгиси. КСДП Конституцияга 2020-жылга чейин кол тийбестик жөнүндө тыюуну бузганына карабай Баш мыйзамды өзгөртүүгө коомду ынандыра албасын айтат. Бүгүнкү болуп жаткан окуялар кыргыз парламентинин тарыхында уят иш катары калышы мүмкүн экенин кошумчалады Дубнов.

Эскерте кетсек, коалициялык көпчүлүк КСДП фракциясынын альянстан чыгып кетүүсүнө байланыштуу урады. КСДП бул кадамын коалициядагы айрым фракциялар менен тил табышуу мүмкүн болбой калганы менен түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан