25-октябрда шаардын борбордук аянтында 2 жолу катары менен жардыруу болгон. Мындан улам 160тан ашуун адам курман болуп, 500дөн ашык адам жабыркаган.
Окуя өкмөттүк имараттар жайгашкан “жашыл зонада” болгон. Кароолчулар алдын ала даярдалган террордук актыны токтотууга күчү жеткен эмес. Согушкерлер шаардын борбордук аянтына жардыргыч зат салынган 2 автоунааны жайгаштырышкан. Саат 9:30 чамасында биринчи жардыруу болуп, бир нече мүнөттөрдөн соң экинчи жардыруу болгон. Террорчулар бул аракетин “Биздин душмандарыбыз күчтүн тилин гана түшүнүшөт” деген сөздөрү менен түшүндүрүшкөн.
25-октябрга карата жылнаама.