Бишкек. Ленин районундагы Боорукердик борбору бир жуманын ичинде 9 үй-жайсыз адамды кабыл алды

Баш калаанын Ленин районундагы Боорукердик борбору бир жуманын ичинде 9 үй-жайсыз адамды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG порталына аталган борбордун негиздөөчүсү Роза Асаналиева билдирди.

"Биздин борбор акыркы 10 күндө 9 адамды кабыл алды. Бул жерге үйү, барар жери жок жаш балдарды жана аялдарды кабыл алабыз. Учурда 17 кыз-келин, 17 жаш бала бар. Аларга Ленин району шарттарды түзүп берди. Эки маал ысык тамак берилет. Бул жердеги адамдарды селсаяк деп атоого болбойт. Алар болгону оор тагдырга кабылып же үйүнөн зомбулукка туш болгондор", - деп билдирди Асаналиева.

Негиздөөчүнүн айтымында, үй-жайсыз калып бул үйдө жашап жаткандардын ичинен 10го жакыны ашканаларда, мекеме-ишканаларда чарба иштерин жасап иштешет. Алар үчүн медициналык камсыздоо, китепкана, чачтарач жана намазканалар ачылган.

"Боорукердик борбору октябрь айынан март айына чейин иштейт, бирок март айында жабылып калбайт. Таптакыр барар жери жоктор кала беришет. Бизде 3 жыл бою, 3 күн, 1 жума, 3 ай жашагандар бар. Алар үчүн жумуш таап бергенге аракет жасайбыз. Үйдө калгандары каалаган убакта ысык чай ичип, сыналгы көрүп эс алышат. Балдарын жеткиликтүү карай албагандардын наристелерин балдар үйүнө өткөрүп беребиз", - деп кошумчалады Асаналиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2016-10-25 18:36:27
Аллах разы болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан