Бүгүн, 25-октябрда саат 15:30дарда Лейлек районундагы Лейлек-Ходжент жолунда 3 унаа катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"КамАЗ жогорку ылдамдыкта келе жатып Жигулини сүзүп, жолдун боюндагы Опелди да сүзүп, оодарылып кетти. Анын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилди, каза болгондор жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.