КҮНСЕРЕП: Бабановдун баасы өстү

Бүгүн, 25-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттин аппараты жоголгон Баш мыйзамдын түп нускасы үчүн кимди күнөөкөр кылып көрсөтүүнү тапты. Ал адам күтүлгөндөй эле Өмүрбек Текебаев болуп чыкты. Эске салсак, бийлик төбөлдөрү бир аптадан бери Конституциянын оригиналын издеп убайым чегүүдө. Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Баш мыйзамдын түп нускасы президенттин аппаратында болушу керектигин айткан. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев да "мамлекеттүүлүктүн бардык символдору президенттин резиденциясында сакталышы керек деген мыйзам бар" деп министрдин сөзүн тастыктаган. Өмүрбек Текебаев өзү деле Баш мыйзамдын түп нускасын президенттин аппаратынан издөөгө кеңеш берген. Бирок президенттик аппараттын бүгүнкү тараткан кенен-чонон маалыматы түшүнөн чочуп ойгонгон адамдын реакциясын элестетет. Ушул убакытка чейин эмне үчүн өлкөнүн эң башкы документи кайда экенин тактабаганы, сактабаганы таң калууну гана жаратат. Баарынан кызыктуусу, Баш мыйзамдын акыркы редакциясына ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев жооптуу болгонун, деги эле референдумга чейин да, референдумдан кийин да Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева баш болуп бир да жооптуу адам кол койбогону маалымдалат. Узун-туурасынан хронологиялык тартипте жазылган маалыматта Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары болуп турган Алмазбек Атамбаевдин аты-жөнү көрүнбөйт. 2010-жылы Баш мыйзамдын долбоорун даярдоого катышпаса да, Алмазбек Атамбаев Апрель окуясынан кийин келген бийликтин башында тургандардын бири болгон. Анын партиясы 2010-жылы өлкөнү мыйзамдуу жолго салган референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде парламенттик шайлоого катышып, андан кийин өзү президенттик шайлоого ат салышып, Роза Отунбаевадан кийин өлкө башчысы болуп келген. Президенттин аппараты жоопкерчиликти оодарууга күнөөкөрдү тапканы менен, Алмазбек Атамбаев өзү 2011-жылы инаугурацияда Баш мыйзамдын оригиналына эмес, көчүрмөсүнө кол коюп, ант берген болуп калабы? Президенттик аппараттын тараткан маалыматынан Роза Отунбаеванын өткөөл мезгилдин президенти болуусунун легитимдүүлүгүнө күмөн санаган ноталарды көрүүгө болот. Андай болсо, Отунбаевадан президенттик бийликти өткөрүп алган Атамбаевдин бийлигинин легитимдүүлүгүнөн да күмөн санаш керекпи? Президенттик аппарат бул узун макаланы эмне максатта элге жарыялап жатканын эң аягында 2-3 сүйлөм менен кошуп коюптур. Жогорудагы “кемчиликтердин” баары 11-декабрда референдум өтсө эле жайгарылып калат экен... “Катачылыктарды 11-декабрь күнү референдумда оңдосо болот. Учурдагы президентте ушундай жоопкерчилик жүктөлүп турат” деп билдирет президенттик аппарат. Ошентип, президенттин аппараты көлөкөгө карап тон бычып, өтө элек референдумдун жыйынтыгын чыгарууга өттүбү?..

Бабановдун баасы кымбаттап жатат. Бизнесмен-саясатчы түзүлүп турган кырдаалды жөн кетирбесин коалиция түзүүчүгө койгон ультиматуму менен билдирди. Шарт мындай: “Республика-Ата Журттун” программасын коалиция жактырса, анда көпчүлүккө кирүү боюнча сүйлөшүүгө барат, жактырбаса, анда коалицияга кошулбайт. Абал казинодогу ва-банктай. Же коалиция түзүүчү фракция Бабановдун каалаганын аткарууга макул болот, же коалиция курай албайт. Анткени “Республика-Ата Журтту” кошпосо “Кыргызстан” менен КСДПнын мандаттары көпчүлүктү куроого жетишсиз. КСДП “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” менен иштеше албай калдык, алар мародёр экен, алар Акаев менен Бакиевдин тапшырмаларын аткарып жатышыптыр” деген маанидеги түшүндүрмөсү менен кечээ коалициядан чыкты. Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов фракциянын көпчүлүктөн чыгуу боюнча түшүндүрмөсүн жаш баланын сөзүнө окшотту. Тил табыша албай калууга келсек, мунун өзү жогорудагы эки фракция КСДП курай турган кийинки коалицияга кошулбайт дегенди түшүндүрөт. “Бир бол” Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи катары кол коюудан баш тарткан. Аталган фракцияда Чолпон Жакупова, Мыктыбек Абдылдаев, акыркы мезгилде Улугбек Ормонов референдум өткөрүүгө каршылыгын активдүү билдирген депутаттар бар. Анын үстүнө өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев бакиевчилер “Бир болго” топтолуп алышканын айткан. Демек, КСДПнын “Кыргызстан” фракциясынан башка парламентте ишеним арта алган өнөктөшү калган жок. Бул эки фракцияны кошо келгенде 56 гана мандат чыгат жана ал сан коалицияны куроого жетпейт. Ушундай кырдаал Бабановдун баасын өстүрүп жатат. “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов коалицияга кошулуу үчүн эмнени сурашы мүмкүн? Премьер-министрликти же кийинки жылы өтүүчү президенттик шайлоодо талапкер болуп чыгууда бийликтен колдоону...

Дагы бир жол бар. 1-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттарына болгон кайрылуусунда “президентти катыштырбай туруп коалиция курап, өкмөттү түзүүгө парламенттин укугу бар” деген. Эгерде КСДП “Республика-Ата Журтту” коалицияга киргизе албаса, анда “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” жана “Бир бол” фракциялары биригип коалиция курай алышат. Теориялык жактан алганда бул мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан