Өлкөдө 2016-жылдын ичинде сейрек кездешүүчү 1 илбирс жана 2 аюу мыйзамсыз атылган

Өлкөдө 2016-жылы сейрек кездешүүчү 1 илбирс жана 2 аюу мыйзамсыз атылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинин адиси Батырбек Абдыраимов билдирди.

"Тилекке каршы, өлкө боюнча сейрек кездешүүчү жаныбарларды аткан фактылар катталып жатат. Ысык-Көл облусунда 1 илбирс мыйзамсыз атылып, 500 миң сомду мамлекетке өндүрүү боюнча сот иши жүрүп жатат. Анын 200 миң сомун төлөп берген. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда жана Ысык-Көл облусунда 2 күрөң аюу мыйзамсыз атылып, 800 миң сом өндүрүү ишин жергиликтүү соттор карап жатышат", - деп билдирди Абдыраимов.

Маалыматка ылайык, Кызыл китепке кирген 2 чүткөр (дикобраз), 1 чоң үкү атылган. Атылган үкү үчүн 10 миң сом айып салынган. Эске салсак, өлкө боюнча 250гө жакын илбирс бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан