27-октябрда Бишкектин кээ бир райондорунда саат 9:00дөн 20:00гө чейин таза берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарынын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Фучик, Фрунзе, Манас, Некрасов, Жаш Гвардия көчөлөрүндө суу берүү токтойт. Мындан сырткары Улуттук банк, №2, 3, 8, 22, 72, 164, 165, 167-балдар бакчаларында, ошондой эле №9, 13, 8, 2-мектептеринде таза суу токтойт. Суунун берилиши боюнча Ленин райондук сотунун имаратында жана Бишкек троллейбус башкармалыгында чектөө киргизилет.
Бишкек шаардык мэриясы жашоочулардан суу толтуруп алууну суранат.