ЖЫЛНААМА, 26-ОКТЯБРЬ: Мындан 64 жыл мурун "Оскар" сыйлыгын алган алгачкы кара терилүү актриса Хэтти Макдэниел көз жумган

Мындан 64 жыл мурун "Оскар" сыйлыгын алган алгачкы кара терилүү актриса Хэтти Макдэниел 57 жашында рак оорусунан улам көз жумган.

Хэтти Макдэниел 1895-жылы 10-июнда АКШнын Канзас штатындагы Уичито шаарында туулган. 1932-жылы ал "Алтын Батыш" тасмасында алгачкы эпизоддук ролу менен дебют жасаган. Ошондон кийин актриса көптөгөн тасмаларда кичинекей ролдорду жаратып, бирок тасмалардын титрларында анын аты-жөнү жазылчу эмес. 1934-жылы "Сот Прист" ("Судья Прист") тасмасына тартылып, актрисанын аты-жөнү киного тартылган артисттердин катарында алгачкы жолу жазылган. Ошондон кийин бир нече тасмаларда олуттуу ролдорду жарата баштаган.
1939-жылы тартылган "Шамалга буюккандар" ("Унесённые ветром") тасмасындагы ролу үчүн 1940-жылы актриса "Оскар" сыйлыгына ээ болуп, ал сыйлыкты алган алгачкы кара терилүү айым болуп тарыхта калган. Ошондой эле ал радиолордон ырдаган. Көзү өткөн соң Лос-Анжелестеги элиталык деп эсептелген мүрзөгө коюлган алгачкы кара терилүү айым болуп саналат. Актриса көз жумгандан 47 жыл өткөн соң ага Голливудда эстелик тургузулган.
26-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан