Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Дайырбек Орунбековдун жаза чарасы аныкталат. Маалыматка таянсак, Башкы прокуратура Орунбековду президент Алмазбек Атамбаевге соттон утулганына карабай 2 миллион сомдук айыпты төлөбөй жатканы үчүн айыптоодо. Орунбековдун санаалаштары анын 2 жылга чейин кесилиши мүмкүн экенин айтып, тынчсызданып жатышат.
Президент 2015-жылдын 24-декабрында жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында аталган журналистти эч качан кечирбей турганын айткан. "Эгерде дагы мени каралап жазса, дагы сотко берем", - деп билдирген өлкө жетекчиси.
Эскерте кетсек, журналист Дайырбек Орунбеков "президент тууралуу жалган маалымат жазды" деп айыпталып, сот тарабынан 2 миллион сомго айыпка жыгылган.