ЭЛДИК КАБАР: Кызыл-Кыядагы Келин-Басты ашуусунда унаа кырсыкка кабылып, сайга түшүп кетти

25-октябрда Кызыл-Кыядагы Келин-Басты ашуусунда унаа кырсыкка кабылып, сайга түшүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Кызыл-Кыя шаары менен Ноокат районунун Ынтымак айылын байланыштырган жолдогу Келин-Басты ашуусунда жол кырсыгы болду. Жеңил унаа жаңы түшкөн жолдо кырсыкка кабылып, сайга кулап кеткен. Жабыркагандар бар. Жолго быйыл асфальт жаңы төшөлгөн. Анын бир жагы тоо, экинчи жагы сай. Ушул жерде бир жума мурун дагы 5 адам кырсыкка кабылган. Тосмо коюлбаса, кышында кырсык көп болот", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Patriotkgz93
2016-10-28 11:00:02
Өтө эле коопту жерго. (Тосмо сөзсүз койуш керек)
0
Pandora
2016-10-28 11:21:19
Кудай сактасын.Бул жеп канчалаган адамдын омурун алып канчалаган адамды майып кылып арабага мыктап отургузду.Жаштар да аябай катту айдай да
0
azamatzh
2016-10-28 12:01:41
Бул жерде менимче бир айдын аралыгында эле 4-5 кырсык болду.Ото эле кооптуу жер.
0
tatynam_88
2016-10-28 13:25:01
Адашпасам ушул жерде келиндин арбагы бар дешеби?ушул жолдон отконумдо бир кемпир айткан да азиз жер деп
0
KGstan1981
2016-10-28 14:16:48
Илгери келинди ат арабада кочуруп кетип жатканда чон бир таш куулап келинди басып калган экен ошентип бул жер Келин-Басты деп аталып калган.Жол асфальтанып айрыкча жаш айдоочулар машинени катту ылдамдыкта айдашат
0
Dastanwanted
2016-10-28 18:36:37
Тынч эле болсунчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан