Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда жайгашкан "Турук" кенин казуучу "Сардар” жоопкерчилиги чектелген коому экологиялык жана техникалык нормаларды бузуу менен ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кен казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан "Сардар" ишканасы текшерүү иштеринин алкагында одоно мыйзам бузуу менен иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Кен казууда жер кыртышы бузулган, айрым жерлерден суу чыгып, сууну агызуучу каналдар жарактан чыккан жана көмүр калдыктарын сактоочу жайы жок экендиги аныкталды. Мындан сырткары экологияга олуттуу зыян келтирилүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына ылайык, ишкананын кызматкерлеринин ортосунда эмгек келишимдери мыйзамга дал келбейт. Аталган кемчиликтерди жоюу боюнча ишканага бир айлык мөөнөт берилген. Белгиленген мөөнөттө кемчиликтер жоюлуп, келтирилген зыяндар калыбына келтирилбесе, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлмөкчү.