Казак-кыргыз чек арасынан Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пункту алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан Рахат Садырбекова билдирди.
"Кыргыз Республикасы жана Казакстан өлкөсү эгемендүүлүк алгандан бери эки өлкөнүн ортосунда Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пункту иштеп келген. Бул көзөмөл жайын Кыргыз Республикасы 2015-жылдын ноябрында алып салган болчу. Ал эми казак тарап 2015-жылы көзөмөлдөө ишин күчөткөн. Бүгүнкү күндө эки тараптуу келишим менен аталган көзөмөл пункту толугу менен алынды. Мындан ары фермерлер өндүргөн товарларын Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылык жаралбайт", - деди Садырбекова.
Эске салсак, буга чейин өлкөнүн чарбакерлерине чет өлкөгө Казакстан аркылуу товар алып өтүүдө кыйынчылык жаралып, айрым учурда артка кайтарылган учурлар болгон. Ал эми Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы 2016-жылдын 10-октябрында кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого багытталган чечим кабыл алган.