ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: “Майкрософт” корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс бүгүн 61 жашка толуп жатат

“Майкрософт” корпорациясынын негиздөөчүсү, учурда дүйнөнүн эң бай адамы (2009-жылдын сентябрына карата байлыгы 50 миллиард долларды түзгөн), америкалык Билл Гейтс Вашингтон штатындагы Сиэтлде туулган. Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзүп чыккан. Орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк салт боюнча Гарвардга тапшырган. Ата-энесинин ою боюнча, атасына окшоп адвокат болмок, бирок Гарварддан тапкан бир гана пайдасы – досу, “Microsoft`тун” болочок президенти Стив Балмерди жолуктурганы.

Билл Гейтс студент кезинде "M.I.T.S." компаниясына компьютердик программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу сунушу менен кайрылган. Анын идеялары компания менеджерлерин кызыктырып, жаш талант ишке алынат. Ошентип, Гейтс улуу “Microsoft” империясын түзүүгө киришкен. Окуусу экинчи планда калып, сабакты көп калтырып, жетишпей калгандыктан, ЖОЖдон айдалган.
1975-жылы Гейтс Пол Аллен менен бирге “Micro-Soft”, кийинчерээк “Microsoft” деп өзгөртүлгөн компанияны негиздеген. 2008-жылдын 7-январында Билл Гейтс “Microsoft`тун” жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 2 жылдан кийин компаниянын аткаруучу директорунун да ордун бошотуп, ордуна Гейтстин студент кездеги досу Стив Балмер келген.

Гейтс 1994-2010-жылдары 28 миллиарддан ашык долларын кайрымдуулукка жумшаган.

28-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2016-10-28 23:47:06
Толуп жатат?толуп буттубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан