Бир канча жылдан бери бул күн Кыргыз Республикасында да белгиленип келет. Кыргыз мамлекети СССР маалында саясий репрессия запкысын башынан өткөргөн. Калкынын саны XX кылымдын биринчи жарымында 700 миңди чамалап, 1937-1938-жылдар аралыгындагы саясий репрессия маалында 10 миңдей адам жазага тартылып, алардын көбү атылып кеткен. Совет маалындагы саясий репрессиянын айынан кыргыз калкынын билимдүү катмары жоюлган. Мамлекетти башкарууга даярдалган миңдеген саясий жана коомдук ишмерлер атылган.
30-октябрдын жылнаамасы.