Кыргыз Республикасында пенсионерлердин 48 пайызы 4600 сомдон аз пенсия алат

Кыргыз Республикасында пенсионерлердин 48 пайызынын пенсиясы 4600 сомдон төмөн. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Социалдык фонддун өкүлү билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 604 миң пенсионер бар. "Алардын 52 пайызы 4600 сомдон жогору пенсия алат. 4600 сом - бул эң төмөнкү тиричилик каражатынын көлөмү", - деди чиновник.

Депутат Руслан Казакбаев "Эгер пенсионер 3000 сом пенсия алса, ал күнүнө 100 сомго жашай алабы?" деген суроо берди. Социалдык фонддун өкүлү буга жооп бере алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Revolyutsiya
2016-10-31 12:17:13
Эми туура айтылыптыр, ай сайын 2000-3000 сомдон пенсия алгандар бир топ эле. Анан да пенсияларынын копчулугу дары-дармектен ашпайт. Жаш отуп карыган чакта адам оорулуу боло баштайт. Бул пенсия менен пенсионерлер дарыланабы же кунумдук тиричилигин кылабы?

Анан да 30-40 жыл мээнет кылып иштеп пенсияга чыккан мугалим ж.б.пенсиялары 4000-4500 болсо, омур бою иштебеген бири келип 500-1000 сом кыстарса, соц.фонддун кызматчылары аны 4500-5000 сом менен пенсияга чыгарып коюда. Адилеттик ка
+4
Revolyutsiya
2016-10-31 12:21:43
Адилеттик кайда калды?!! Мына бугун Россияда иштеген мигранттарыбыз толтура. Алар РФ окмотуно салык толойт, Б.а.алардын айлык-маянасынан кармап калат. Кыргызстандын бюджети учун бир тыйын да толобойт. Анан пенсияга чыгаарда мой.фонддо иштегендерди ыраазы кылып "сыйлап" койсо, ошол 30-40 жыл мээнет кылган жарандарыбыздан коп пенсия ала баштайт. Айтор кайда караба коррупция...
+2
Дарыгер
2016-10-31 13:17:06
Revolyutsiya, коррупция бар экени чын. А чет жерде иштегендер. Пенция алукга акылуу деп ойлойм. Бюджеттин жарымын чет жерде иштегендер толтуруп жатпайбы
0
Revolyutsiya
2016-10-31 13:50:32
Дарыгер, ал акчалар Кыргызстандын бюджетине кыйыр турдо тушот, мисалы мигранттар жоноткон акчалар акциз ж.б.болуп. Ал эми бюджетке туздон-туз тушкон мигранттардын акчасы жок. Ошондуктан Кыргыз Окмоту Россия Окмоту менен суйлошуулор жургузуп мигранттардын пенсиясын Орус Окмоту толой турган болушу керек. Болбосо мигранттар учун ыктыярдуу пенсиялык эсеп ачылып, пенсияга чыкканда ошол эсептен пенсия чегерилуусу керек. Бирок учурда коррупция куч болуп, акчанын кучу менен ал "проблема" баш о
+2
Shef87
2016-10-31 12:23:49
азыр соцфонддо да таанышын болсо танкасын таанышын болбосо манкасын
+3
Mongol1155
2016-10-31 12:52:36
Чиновниктин айтуусу боюнча 48% пенсионерлер эптеп-септеп жан сактап жашап жаткан турбайбы?Булардын акыбалын тез арада чечиш керек да.
+1
Parish
2016-10-31 15:50:32
Туура жазылган башканы койуп озумду
эле айтайын 35 жыл рентгенде иштеп
пенсияга чыктым азыр кошулгандагы
3900 сом алам.Мен иштеген жерден бир
санитаркабыз Бишкектен пенсияга чыгып
келди 5000мин сомго. Буга кандай тушунсо болот эми???
+5
Revolyutsiya
2016-10-31 16:09:16
Parish, Кыргызстанда адилеттуулук жок, акча менен тааныш-билиш чечип калган баарын... Ошондуктан кайгырган менен эч нерсе озгорбойт. Озгоруу кутуу учун кийинки шайлоодо татыктуусун колдоп, башкаларга да тушундуруш керек, добуш сатуу, жердешчилик деген оорудан алыс бол деп..
+4
Muzik
2016-10-31 18:44:56
Менин атам 65 жашта,2300 сом пенсия алат
0
Kroxa
2016-11-03 00:32:55
Кошулду дейт кыйратып кошулганын ким билет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан