2-3-ноябрь күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет

2-3-ноябрь күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 31-октябрда билдирди.

"2-ноябрда өлкөбүзгө Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян келет, ал эми 3-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкмөт башчыларынын кеңеши өтөт. Буга карата Ички иштер бөлүмдөрүнүн 3000 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Ошондой эле "Манас" Эл аралык аэропорту-Бишкек жолу, Фучик көчөсү (шаардын четинен баштап
Жибек-Жолуна чейин), Жибек-Жолу (Фучиктен Манас кең көчөсүнө чейин), Ч.Айтматов кең көчөсү (мамлекеттик резиденцияга чейин), Чүй кең көчөсү (Манас кең көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин), Абдрахманов көчөсү (Чүй кең көчөсүнөн Абдумомуновго чейин), Масалиев көчөсүнө (Айтматов көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин) чектөө киргизилди",
- деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
hochuradosti
2016-10-31 22:47:48
айииий пробка болот го эми эээээ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан