Новопавловка айылындагы Гоголь, Маматемин ата көчөлөрүнүн абалы начар

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы Гоголь, Маматемин ата көчөлөрүнүн абалы начар. Жолдордун абалы талапка жооп бербейт, мындан улам айдоочуларга ыңгайсыздык жаралууда. Жол четиндеги көлмөлөрдү балыр басып, жыттанып, тегереги таштандыга айланган. Жамгыр жааган учурда аталган жолдон жүрүүгө мүмкүн болбой калат, анткени жолдогу аңдарга суу толуп, унаанын дөңгөлөктөрү аңга кирип, тетиктеринин сынып кетүү коркунучу жаралат.

Жергиликтүү тургун: "Ушул эки жолду тиешелүү кызматтар оңдоп коюшса жакшы болот эле. Маршруттук таксиде баратып ичиндегилер чайпалып кыйналышат. Ал эми жеңил унаалардын асты жерге жакын болгондуктан жүрө албай жатат. Жок дегенде шагыл төгүп абалды жөнгө салып койсо болмок", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
radyakiz
2016-11-01 15:19:13
Алтын ордо деген ж/м да бул. Мында жолдордун баары эле начар абалда,199 маршрутка жургон жол аябай начар,андарга кирип чыгып жетесин уйго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан