Москвада курулушта иштеп жатып дубал басып калган Кыргыз өлкөсүнүн жаранына жардам керек. Бул тууралуу интернет колдонуучу Улан Кошматов Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Москва шаарында болгон. Анда курулушта иштеп жаткан Полот Анарбаевди дубал басып калып, ооруканага жаткырылган. Кийин оң буту жоон санынан кесилген.
“Жакында Полот Анарбаевдин экинчи бутуна операция жасалат. Анын туугандарынын акча сурап кайрылган жери калган жок. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, аздан болсо да жардам берели”, - дейт Улан Кошматов.