Ошто Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери сыйланышты

Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз милициясынын күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага шаар мэри, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана башкармалыктын кызматкерлери катышты. Шаар башчысы Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жалпы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтерине токтолуп өттү.

“Бүгүнкү күндө кыргыз милициясы коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү, биз ишенген, таянган мамлекеттик орган катары белгилүү. Кызматтагы жакшы жетишкендиктер, ийгиликтер мамлекет тарабынан колдоого алынышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендиги талашсыз. Ош шаарынын мэриясы да Ички иштер башкармалыгынын мындай ийгиликтерин, күжүрмөндүүлүгүн колдоп келет. Айта кетсем, быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ички иштер башкармалыгынын административдик имаратын капиталдык оңдоо иштерине 800 миң сом бөлүнүп берилди. Милиция кызматкерлерине ипотекалык негизде 60 батир бөлүндү. Ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен 220 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулуш башталды. Буюрса, кийинки жылдын экинчи жарымында бул үйлөр пайдаланууга берилет”, - деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын алкагында шаарда коомдук тартипти сактоого кошкон салымы жана өз милдеттерин аткаруудагы күжүрмөндүгү үчүн бир катар милиция кызматкерлерине Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан