Казакстанда жол кырсыгына кабылып, Москвага барган кыргыз кыздын кабыргалары сынганы аныкталды
29-октябрдан 30-октябрга караган түнү саат 05:30дар чамасында Казакстандын Актөбө облусунда Кыргыз мамлекетинин 20 жараны жол кырсыгына кабылган. Алардын ичинен бешөө Москваны көздөй сапарын улантышкан. Жабырлануучулардын бири Нуркыз Назаркулова өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жардам сурап кайрылган. Москвадагы Кыргыз элчилигинин өкүлдөрү бүгүн, 1-ноябрда аларга жолугушту. Бул тууралуу Гүлбарчын Байымбетова SUPER.KG порталына кабарлады.
"Нуркыз Назаркулованын кабыргалары сынганы аныкталды. Дарыгерлер кайсы ооруканага жаткызуу мүмкүн экенин караштырып жатышат. Эртең биздин кызматкерлер так аныкталган дарыгерине барып жолугуп келишет. Калган 4 жаран өз алдынча тарап кетишиптир. Миграциялык карточкалары бар экенин айтышты", - деди Байымбетова.