ЭЛДИК КАБАР: Түркияда Үркүндүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Түркияда Үркүндүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бул иш-чара 1-ноябрь күнү Сакарья шаарында болду. Анда кыргыз студенттери тарабынан Үркүндүн 100 жылдыгына карата атайын программа даярдалып, түрк туугандарга жана башка улуттарга бул кайгылуу окуянын мааниси жана окуя тууралуу кенен маалымат берилди. Ошондой эле иш-чаранын негизинде театрлашкан көрүнүш, сүрөт көргөзмөлөрү тартууланып, "Манас" эпосунан үзүндү, Ата Журт жөнүндө патриоттук чыгармалар аткарылды", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muke.kg
2016-11-03 19:31:35
Урматтуу туркиядагы мекендештер ушундай иш-чаралар кыргызстандын ичинде эле откозсонор.Политика болуп кетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан