Агенттик: "Казакстан интернет үчүн бааларды мурунку калыбына келтире баштады"

Орусия, Кытай өлкөлөрүнөн интернет байланышын тартып келүү маселеси чечиле элек. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына "Кыргызтелеком" ишканасынын Коомчулук менен байланышуу кызматынын жетекчиси Назира Турдалиева билдирди.

"Буга чейин Орусия, Кытай өлкөлөрүнөн интернет байланышын альтернативдик жол менен тартып келүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө бул иш каралып жатат. Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Орусиянын Москва шаарына Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчиси барып келишкен, бирок маселе чечиле элек", - деп билдирди Турдалиева.

Казакстан тарап интернетке болгон бааны кымбаттаткандан кийин 15-сентябрда интернет байланышын Орусия, Кытай өлкөлөрүнөн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу "Кыргызтелеком" ишканасынын сатуу бөлүмүнүн жетектөөчү менеджери Калыйкан Исмаилова билдирген.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Казакстан интернет үчүн бааларды мурунку калыбына келтире баштаганын кабарлады.

"Казакстан тарап бааларды мурунку калыбында бере баштады. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында эки компания гана Казакстан тарап менен келишим түзө элек. Калгандары мурунку баа менен келишимдерди түзүп иштей баштады. Буга чейин Астана, Алматы шаарларында конференцияларды өткөрүп, бааларды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Бул суроо Москва шаарында да көтөрүлгөн. Жыйынтыгында элге мурдагы баа менен интернет берилип жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Buldoook
2016-11-02 18:51:16
Колунан эч нерсе келбегенден кийин кысып отуруш керек эледа манкалар
+2
take220281
2016-11-02 19:05:44
Ылдамдыгын да калыбына келтирсин эми
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан