Депутат Бишкекте эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жатканынан улам унаа тыгындары пайда болгонуна нааразы

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова Бишкекте айрым көчөлөрдө унаа тыгындары пайда болуп жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жатканы жакшы көрүнүш. Бирок ар дайым бул иш-чаралар унаа тыгындары менен коштолуп, шаардыктарга ыңгайсыздыктарды жаратууда. "Манас" аэропортунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин альтернативдүү жолду куруу зарыл. Мэриянын мындай жолду куруу боюнча жакшы планы бар болчу, бирок ал ишке ашпай турат", - деди Өмүрбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан