Каргашалуу кырсыктан каза тапкандардын 64ү советтик аскер кызматкерлери болгон. Кырсык Саланг ашуусундагы тоннелде катталган. Анда советтик жана ооганстандык аскерлерди алып бараткан унаа менен күйүүчү май ташыган унаа сүзүшкөн. Жыйынтыгында унаа тыгыны жаралган. Ошол учурда тоннелдин шамалдатуу системи иштебей калгандыктан, адамдар газга ууланып каза болушкан. Ал эми тоннелдин кире беришинен 500-600 метр алыстыкта болгон адамдар сыртка чыгып кетип аман калышкан.
Саланг тоннели советтик адистер тарабынан 1958-1964-жылдар аралыгында курулган. Аталган тоннелдин узундугу 2,7 чакырымды түзөт. Анын курулушуна 42 миллион АКШ доллары сарпталган. Саланг ашуусу Гиндукуш тоосунда жайгашып, Ооганстандын түндүк жана борбордук бөлүгүн бириктирип турат.
3-ноябрга карата жылнаама.