Лейлекте 2 жашар бала жоголуп кетип, 2 күндөн кийин айылынан 10 чакырым алыс жерден табылды


Лейлек районунда дайынсыз жоголуп кеткен бала айылынан 10 чакырым алыстыктагы тоодон алы кетип, жерде жаткан абалда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү Лейлек районундагы айылдардын биринен 2014-жылы туулган М.О. аттуу бала ойноп жүрүп жоголуп кеткен. Бул тууралуу маалымат тиешелүү мекемелерге айтылып, издөө иштери башталган. Териштирүү иштеринин алкагында баланын энеси аны туугандарынын үйүнө убактылуу таштап кеткени аныкталган. Баланы издөө иштери биринчи күнү натыйжасыз болгон. Издөө иштери кечээ да улантылып, саат 15:00 чамасында Адыр-Таш аймагындагы тоонун боорунан табылган.
"Издөө иштерин жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлери дүрбү менен жакынкы аймактарды карап жатып тоонун боорунан кичинекей так көрүшкөн. Аталган жерге барышканда баш кийимин, бут кийимин жоготкон, алы кетип чарчаган баланын жерде жатканына күбө болушкан. Кичинекей бала дароо аймактык ооруканага жеткирилген, учурда анын абалы канааттандырарлык. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Santanna
2016-11-03 16:32:40
Козутай десе 2кун ачкалып тун киргенде каерде уктап не кылды экен деймда коркуп ии боорум ооруп кеттиго ойлоп
+9
kirgizstan
2016-11-03 16:34:46
Ыыыы байкуш бала суукта эки кун куну туну кантип журду экен .
Кудайга шугур аман экен
+7
sungjinsystem
2016-11-03 16:35:40
Кайсы айылынан Лейлектин
+1
Uli6886
2016-11-03 16:44:02
Кудайга шугур аман эсен экен Омур узун, кыргыздын керегине жараган бала болсун!!!! Мен суйундум аман-
эсен экенине))))урааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааа
+2
Azamat_15
2016-11-03 17:26:26
Милиция кызматкерлерине рахмат!
+9
maks83
2016-11-03 19:59:48
жакшы болуптур аман эсен табылып.
0
anonymous
2016-11-03 20:21:27
2 кундо 10 км кантип басты экен?
0
altyshka_23
2016-11-03 20:33:52
Жакшы эсен аман экен
+1
madina.87
2016-11-03 21:54:39
Ииии шириним десе, окуп алып ыйлап жибере жаздадым.
Балам менен тен экен. Элестетип жаман болдум.
0
look
2016-11-03 22:31:57
балдарыбыз аман болсунчу кучугум десе омурлуу бол аман эсен экенине кудайыма мин мерте шугур
+1
tokitok
2016-11-03 23:10:05
Бакушум десе чын ле озу кеткен болсо жалгыз кантти экен? Биринчи ойноп кете берди (ошончо аралыка кетип калса коп убакыттан кийин издешкенби?) анан коркуп ыйласа кк.тунучундо чарчап уктап калды го ушуду го.анан ойгонуп ыйлаганга да алы келбей жата берди го.ден соолукта бактылуу бол бобогум.
0
Gul.08
2016-11-03 23:50:31
Ии жакшы эсен аман табылып калыптыр)))
0
Gul.08
2016-11-03 23:52:47
Менин оюм боюнча бироо эле алып барганго,кочодо жалгыз кичинекей бала баратса сурайсынго Кайда барасын деп эс ким жолукпады бекен ?
+2
Begimay.emir1
2016-11-04 01:56:49
Иии байкуш десе... Туну менен не кылып журду экен, журогу деле тушуп калгандыр. Журогум эзилип кетти
0
Ada3003
2016-11-04 10:13:08
Милицияга рахмаат!!! Кулундунун опери Жениш тапты !!! Молодцы. Бобок сен да эми тезирээк сакайып кет ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан