Бүгүн, 3-ноябрда “Сейтек” борборунда жеткинчектер арасында Улуттук оюндар фестивалы өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты кыргыздын улуттук оюндарын, маданиятын, тарыхын жаштарга жеткизүү болуп саналат. Фестивалда кыз куумай, манжа, чатышма, чүкө, ачакей-жумакей, токту сурамай, аркан тартыш жана башка улуттук оюндар көрсөтүлдү.
“Аталган иш-чара 3 түргө бөлүнүп өтүп жатат: бармак оюндары, кыймыл оюндары жана интеллектуалдык оюндар. Оюндарды 10 мүнөттүн ичинде көрсөтүп, балдарга түшүнүк берүү керек болчу. Бул фестиваль биринчи жолу өткөрүлүп жатат, октябрь айында райондор арасында өткөн, ал жактан жеңген 13 команда шаардык жыйынтыктоочу сынакка келди. Фестивалдан кийин башка оюндарды аралаштырып тарбиялык сааттарда колдонууга максат коюлган”, - деп билдирди Мария Колесникова “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун пиар-менеджери.
Фестивалдын жыйынтыгында 1-орунду №141-бала бакча, 2-орунду №107-бала бакча, ал эми 3-орунду №100-бала бакчанын балдары алышты.
“Бул сынакка биз райондон жеңип келдик. Көрсөткөн оюндарыбыз сабак учурунда ойнотулат. Биздин бакчадан 16 бала алып келдим. Улуттук манжа оюндарынан чатырашты, кыймылдоо оюнунан жоолук таштамайды көрсөттүк. Үчүнчү оюн катары "Ак терек-көк терек" интеллектуалдык оюнун ойноо менен кошумча боз үйдүн жыгачтарын баарын тактап айттык”, - дейт 3-орунга ээ болгон №100-бала бакчанын тарбиячысы Самара Турдубаева.
“Фестивалдын кызыгы орус-кыргыз бала бакчаларынан келген башка улуттун балдары кыргызча сүйлөп оюндарды көрсөтүп бергенинде болду. Тандалып алынган алгачкы команда өзүн мыкты деңгээлде көргөзө алды. Кичинекей балдар өздөрүн сахнада татыктуу алып жүрүштү. Бул долбоор кайсы бир долбоорлордон уникалдуу. Фестивалга катышкан бөбөктөр кыргыздын маданиятына, салтына сугарылып өсүшсө, келечекке көп пайда алып келет”, - деди калыстардын бири Улан Үсөйүн.