Брэд Питтин балдары апасы Анжелина Жоли менен жашагысы келбей жатышканы айтылууда

Акыркы кезде белгилүү жылдыздар Анжелина Жоли менен Брэд Питтин ажырашуусу, үй-бүлө мүчөлөрү көпчүлүктүн, басылмалардын көңүл борборунда. Голливуд жылдыздарынын балдары менен болгон мамилеси жакшы эмес экени айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар актрисанын жакындарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Алсак, уулу Пакс менен кызы Шайло апасы менен жашоону каалабай, атасы менен бирге болууну самашат.

"Жакында эле Шайло менен Пакс атасы менен калууну каалай тургандыктарын апасына билдиришкен, себеби алардын ортосунда абдан жылуу, эмоцияга толгон мамилелер бар болчу. Албетте, бул Анжелинаны капа кылды, себеби эми ал өзү ойлогондорду ишке ашыра албайт", - деп билдирген атын атагысы келбеген Жолиге жакын аял.

Белгилей кетсек, Брэд Питт балдарга көзөмөл кылуу үчүн сот аркылуу Жоли менен талашуудан баш тарткан. Убактылуу түзүлгөн келишим боюнча, актёр балдарын эс алуу күндөрү дарыгердин көзөмөлүндө көрө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aselushka
2016-11-04 10:53:47
эр катын урушат эси кеткен болушат.
+7
ulik-89
2016-11-04 12:02:48
Жаман катын кетем деп коркутат.
+2
zhykyo
2016-11-04 12:07:00
Баланы жашынан,катынды башынан
Кыргыз "эл макалдары"
+1
erlist
2016-11-04 12:47:46
Жооли катын болуп деле жыргатпайт ошо мн кантип жашап журду уят сценаларга тартылган кинолору бар корунгон эркек менен
+9
rejepova
2016-11-04 12:59:06
erlist, буларды артист деп коёт )
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан