SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Комиссиянын мектепке келердин алдында баарын дүрбөлөңгө салганына кандай карайсыз?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Бир гана мектептерде эмес, башка мамлекеттик ишканаларда деле текшерүү келет дегенде дүрбөлөңгө түшүп калышат. Айрыкча мектептерде, кышында суук болуп жатса да окуучулар мектеп формасын кийип суук класстарда отурушат. Бул эми берки эле чети. Атайлап текшерүү үчүн деп жакшы кабинеттерди даярдап коюшкандары да бар".
"11 жыл мектепте окудум. Комиссия дегенди угуп эле жүрдүм, бирок такыр көргөн эмесмин".
"Биз да ошол комиссия келет деп дүрбөлөңгө түшүп калчубуз, бирок келгенин деле көргөн жок окшойбуз".
"Комиссия деген алдын ала айтпай туруп келсе болмок деп ойлой берем. Ал үчүн баягы эле мыйзамды өзгөртүп, каалаган убакта текшерүүгө алгыдай кылыш керек".
"Текшерүү келер алдында, эң жакшы окуган кызга журналды толтуруш үчүн үчтөрдү тизип коюптур. Чейректе эми кандай болот деп отурам. Башка мектептен которулганга мугалимдер кандай окуганын билбей калгандары менен түшүндүрүшүтүр".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.