Бишкек шаарында оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жолдорго сапатсыз асфальт төшөлүүдө

Бишкек шаарында оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жолдорго сапатсыз асфальт төшөлүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 4-ноябрда борбор калаанын айрым жашоочулары маалымат жыйынында билдиришти.

"Жолдор оңдолуп баштаганда кубанган элек, бирок көчөлөргө төшөлүп жаткан асфальттын сапаты начар болууда. Тротуарлар талапка жооп бербейт. Бишкек шаардык мэриясы аткарып жаткан иштер үчүн эч кандай долбоор жазып, тендер өткөргөн эмес. Демек, учурда салынып жаткан жолдор мыйзамсыз. Панфилов жана Токтогул көчөлөрүндө тротуар жок. Жолдордогу кемчиликтер боюнча прокуратура кызматы карабай жатат", - деди тургун Калича Умуралиева.

Ал эми дагы бир жашоочу Дина Завиженец: "Титиреп туруучу жол түздөгөн техникаларды колдонуп жатышат. Бул жакынкы үйлөргө катуу зыян келтирүүдө. Анын кубаттуулугунан үйдө илинип турган буюмдар кулап кетип жатат. Буга чейин экотехинспекция курулуштар боюнча эскертүү берген", - деди.

Айтылган кемчиликтерди Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы четке кагууда: "Жолдордун курулушу өз тартиби менен сапаттуу жүрүүдө. Бул үчүн атайын лаборатория иштеп жатат. Документтери жок деген маалымат туура эмес. Жолдордун сапатына ишенбегендер болсо, "Бишкек асфальт-сервиске" келишсин, далилдер менен көргөзүүгө даярбыз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Revolyutsiya
2016-11-04 15:27:44
Бийлик качан караба актанганы актанган. Калпты койгулаштырып чын кылып корсоткусу келишет.

Ал эми жолдорго болунгон акчанын жарымы же 1/3 гана жол курууга сарпталат. Калган акчаларды тарп талашкан чоолорго окшоп министрликтеги "шишкалар", мэриядан, архитектура ж.б. акыры келип жол салып жаткан ишкана жеп отуруп, ошолордон ашкан акчага эптемей кылып жолду бутурушот. Ал жол 5-10 жылга жетпей тамтыгы чыгып, башынан жол салып баштайт, кайрадан акча жемей. Айтор бут эле коррупц
-3
Nursultan.m.n
2016-11-04 15:51:08
Киргизия көчөсүн 4кмди аран 3айда бүткөрүштү гоо
0
zevs
2016-11-04 17:29:30
Kantip uyalbay sapattu dep jatat barip bir korup koyso bolmok al joldu korul jany jol dep aytuuga bolboyt.
0
Nur92
2016-11-04 18:00:01
Оой Чуй проспектисин Лермонтовадан Чолпон Атинскийге чейин туптуз жолду дагы деле бутуро элек 7 ай болду..примерно 2км..кантип беттери тутобойт.
0
Nur92
2016-11-04 18:01:24
Жайы менен жатышты колоколоп чалкалап..бир жумада 6.7саат иштешип
+1
nurik903
2016-11-07 09:58:17
качан эле кыйратты ушулар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан