Англиялык археолог Говард Картер Мисирден фараон Тутанхамондун күмбөзүн тапкан. Анын египеттик фараон Тутанхамондун мүрзөсүн издөөсүнө Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы тыныгууну кошкондо 10 жылдык убакыт кеткен. Күмбөздү казуу иштери жана ага даярдыктар Жорж Герберт жана граф Карнавон тарабынан каржыланган. Күмбөз 4-ноябрда табылса, аны 26-ноябрда лорд Карнавон келген соң гана ачышкан.
Г.Картердин жашоосунда фараондун күмбөзүнүн табылып, казылышы эң чоң ачылыш болгон. Тутанхамондун күмбөзү казылганга чейин белгисиз болгон. Бул ачылыш дүйнө элинин кызыгуусун туудуруп, чет элдик туристтер Египетке барышып, басылмалар аталган окуя тууралуу байма-бай жазышкан.
Тутанхамондун мумиясы башынан бутуна чейин алтындан жасалган жана башка баалуу буюмдар менен курчалып жаткан. Археологдордун казуусуна чейин күмбөздө уурулар да болгону аныкталган, бирок алар баалуу буюмдардын бир азын гана алып кетишкен. Ошондой эле күмбөздүн экинчи эшигин ачышканда археологдор столдорду, отургучтарды, сандыктарды, карапаларды, чоң жана кичине статуэткаларды, жаныбарлардын сүрөттөрүн табышкан. Буюмдардын арасында Анубис кудайынын чөөнүн сөлөкөтүндөгү алтындан жасалган статуэткасы дагы болгон.
Байыркы Египет фараону Тутанхамон тарыхта анчалык деле из калтырган эмес. 1333-жылы 10 жашында такка отуруп, 9 жыл башкарган. Айрым маалымат булактарында "Тутанхамон биздин заманга чейинки 1324-жылы 19 жашында каза болгон" деп жазылган. Фараондун калдыктарын изилдеген эл аралык окумуштуулар тобу "Тутанхамондун жаш кеткенине безгек оорусунун күчөп кетиши себеп болушу толук мүмкүн" деп жыйынтык чыгарган. Бул "өспүрүм курактагы фараон киши колдуу болуп же башка илдеттен өлдү" деген божомолдор туура эмес экенин билдирген. Мындан сырткары фараондун карышкыр таңдай, кыйшык таман болгонун, жамбаш сөөгү сынып бүтпөй калганын окумуштуулар изилдеп чыгышкан.
Археолог Г.Картер 1874-жылы 9-майда Улуу Британиянын Лондон шаарында туулган. Ал карьерасын артист болуп иштеп, көрүүчүлөргө Египеттин иероглифтерин чийип көрсөтүү менен баштаган. Андан кийин археолог катары эмгектене баштайт.
4-ноябрга карата жылнаама.