Мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы (1927-1933), РСФСР ВЦИКтин мүчөсү Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл районунда манаптын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жаратылышынан зээндүү Жусуп алгач орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайында билим алып, тилекке каршы, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн айынан окуусун токтоткон. Эл менен Кытайга үркүп барып, февраль революциясынан кийин туулган жерине келип, Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген. Анын табиятынан зээндүү, дилгир экенин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алматы) шаарына алып барган. Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, мурда кат-сабаты жоюлган Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн. Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы аскердик окуу жайга кирет. Ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.