Түндүк Америка континентиндеги Гватемала Республикасында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталып, 42 адам каза болгон. Табият кырсыгы 7-ноябрда саат 10:35 чамасында Чамперико аймагынан 24 чакырым түштүктө жайгашкан жерде катталган. Жер титирөөнүн очогу Тынч океанында жайгашып, жер силкинүү Гондурас жана Мексика өлкөлөрүндө дагы сезилген. 638 адам турак жайсыз калып, баш калкалоочу жайларда жашашкан. Ошондой эле Кича, Сан-Маркос, Кесальтенанго, Тотоникапане, Реталулеу, Уэуэтенанго, Солола жана Сучитепекес аймактарында 3770 үй жана 100гө жакын мектеп зыян тарткан. Гватемала мамлекетинин өкмөтү өлкө элине 44,22 тоннаны түзгөн гуманитардык жардам жөнөткөн. Мындан тышкары АКШ, Испания жана латын америкалык өлкөлөр кырсыктан жабыркагандарга материалдык жактан жардам беришкен.
7-ноябрга карата жылнаама.