Мындан 9 жыл мурун 2007-жылы 7-ноябрда Финляндиянын Туусула шаарчасындагы Йокел лицейинин Пекка-Эрик Аувинен аттуу 18 жаштагы окуучусу мектепке тапанча менен келип, окуучуларды аткылаган. Жыйынтыгында 6 окуучу, лицейдин медайымы жана директору курман болгон. Ал эми Аувинен 40 мүнөттөн соң өзүн башына атып, ошол эле күнү кечинде ооруканадан каза тапкан.
Окуя катталган күнү Аувинен мектептин аймагында 75 жолу ок чыгаргандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле кылмышкердин сумкасынан, чөнтөктөрүнөн, үйүнүн жана мектептин полунан 328 колдонула элек ок табышкан. Ал Sig Sauer Mosquito аталышындагы тапанчаны колдонгон.
7-ноябрга карата жылнаама.